Кыргызстан ЕАЭБге кирип эмне тапты? Видео

Бир нече жыл мурун Кыргызстанда ЕАЭБге кирүү боюнча талаш-тартыш болгон. Уюмга кошулууга каршы чыккан эксперттер мунун кесепети оор болорун болжошкон.
Sputnik
Алар өлкө уюмга кирсе импорттук товарлар кескин кымбаттап, өлкөдө таңсыктык жараларын айтышкан. Ошондой эле жумушсуздук күч алып, экспорт эки эсеге кыскарып, рынокто кымгууттук башталарын жана элдин 70 пайызы жакырчылыкка кептелип, натыйжада республикада башаламандык болорун боолголошкон.
"Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе жүз миңдеген жаран жумушсуз жана жашоого каражаты жок каларын түшүнүшүбүз керек", — деген 2011-жылдын октябрында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов.
Үрөй учурган божомолдорго карабастан 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБдин бешинчи мүчөсү болуп кирген. Учурда көптөгөн серепчилер бул тарыхый чечим болгонун айтышууда.
Андан бери өлкөдө өндүрүштүн көлөмү дээрлик үч эсеге өстү:
2015-жыл — 181 миллиард сом;
2023 — 482 миллиард сом.
Республиканын экспорту эки эседен ашык өстү:
2016-жыл — 1,57 миллиард доллар;
2023 — 3,3 миллиард доллар.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 22 миллиард доллар инвестиция келген.
ИДПнын жан башына көрсөткүчү эки эсеге көбөйдү:
2015 — 75,5 миң сом;
2023 — 173,1 миң сом.
Орточо маяна эки эсе көтөрүлдү:
2016 —14 847 сом;
2024 — 35 982 сом.
Өлкөдө заводдор ачылып, ооруканалар, мектептер курулууда. Президент Садыр Жапаров ЕАЭБди беш өлкө кыйынчылыктарды бирге жеңүүгө үйрөнгөн кызматташтыктын үлгүсү деп атады.
Тема боюнча:
ЕАЭБ Кыргызстанды кандайча өзгөрттү. Көз караш, сандар, жыйынтык