Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Курск чабуулу боюнча Зеленский Украина генералдарына басым жасаган

Эксперт чектешкен аймактарга чабуул коюу Зеленскийдин бул согуш учурундагы тобокелге салган кадамдарынын бири болуп калгандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский Курск облусуна коюлчу чабуулду даярдоодо Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн генералдарына басым жасаган. Бул туурасында Коргонуу боюнча иликтөөлөрдүн падышалык бириккен институтунун илимий кызматкери Майкл Кларк басылмалардын бирине айткандыгын РИА Новости жазды.
"Бизде анын изин бардык жерден көрүүгө болот. Жайкы чабуулду башташ үчүн президент командачыларга басым кылганы Киевге көп айдан бери жашыруун деле болбой калды. Алар Украинада адамдар жана ресурстар боюнча жаралган маселеден улам олку-солку болушкан", — деп айтылат анда.
Эксперт чектешкен аймактарга чабуул коюу Зеленскийдин бул согуш учурундагы тобокелге салган кадамдарынын бири болуп калгандыгын белгилеген.
Анын пикиринде, Киев Донбасста көбүрөөк керек боло турган бириктирилген күчтөрүн колдонуунун такыр эле пайдасыз ыкмасын ойлоп таап алышкан.
"Бул контрчабуул согуштун жүрүшүн өзгөртө албайт", — деген аналитик.
Эске салсак, 2024-жылдын 6-августунда таңга маал украин аскерлери Курск облусунун Суджан аймагындагы тилкени алууга аракет кылышкан. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. Ал Курск облусундагы операция каршы тараптын талкаланышы жана РФ күчтөрүнүн мамлекеттик чек арага чыгуусу менен соңуна чыгарын билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, кармаш башталгандан бери Украина армиясы 1 350 аскеринен, 29 танкасынан, сооттолгон 23 транспортерунан, 9 БМП жана 11 согуштук сооттолгон машиналарынан айрылган.
Ведомство жекшемби күнү россиялык аскерлер Украина армиясынын Белов районуна, сооттолгон техника менен Толпино, Журавли, Общий Колодезь аймактарына кирүү аракетин бөгөттөгөндүгүн кабарлаган.
РФ президенти Владимир Путин Киев режими кезектеги ири чагымын баштап, ылгабай, анын ичинде жарандык объектилерди да бутага алып жаткандыгын айткан эле.
10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген. Россиянын Тергөө кызматы теракт жана киши өлтүрүүчүлүк боюнча иш козгоду. Тергөөчүлөр жарандык объектилерди атып, талкалоого буйрук берген жана аны аткарган украиналык аскерий адамдардын ким экенин аныктоо ишин баштаганы маалымдалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Серепчи: Украина Курск аймагындагы операциянын ийгиликсиз болгонун түшүнө баштады