Радио

Өлкөнүн Олимпиадага кум үстүндөгү волейбол боюнча баруу мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Роза Расулбекова кум үстүндөгү волейболго көп көңүл бурулуп, окуу-машыгууга басым жасалса чоң ийгиликтер алыс эместигин айтты.
Sputnik
Кыздар арасында кум үстүндөгү волейбол боюнча 2028-жылы өтө турган жайкы Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда тандоо турунун биринчи этабынан өтүп, кийинки мелдештерге даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу Роза Расулбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кум үстүндөгү волейболду каржылоо, даярдоо да ыңгайлуу болгондуктан эл аралык мелдештерге баруунун жолу көп.
"Биз жакында эле Мальдив аралдарынын Мале шаарында 20 жашка чейинкилер арасында Азиянын зоналык чемпионатында жеңүүчү болдук. Муну менен өлкөнүн кыздар курамасы тарыхта биринчи ирет эл аралык турнирде чемпион болду. Мен ал турнирде "Мыкты оюнчу" жана "Эң баалуу оюнчу" деген жеке сыйлыктарды да алдым. Мындай көрсөткүч баарыбызга стимул берип, дагы ири мелдештерди жеңүүгө даярданабыз. Бирок мага көбүнесе кум үстүндөгү волейбол жагат. Себеби командада эки гана киши ойноп, бири-бирибизди түшүнөбүз. Команданы каржылоо жана даярдоо да жеңил болуп, көп эл аралык мелдештерге катышууга жол ачылат. Мындан тышкары, кыздар арасында кум үстүндөгү волейбол боюнча 2028-жылы өтө турган жайкы Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда тандоо турунун биринчи этабынан өтүп, кийинки мелдештерге даярдык жүрүүдө", — деди Расулбекова.
Ошондой эле ал Кыргызстанда жылдан-жылга волейбол боюнча ички биринчиликте атаандаштык күчөп жатканын кошумчалады.