Өлкөдө жумушсуз деп катталгандардын саны 6 айда 17 миңге азайды

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жумушсуз деп катталган жарандардын саны өлкө боюнча жарым жылда 17 миң адамга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз киши министрликте каттоодо турат.
"Жыл башынан бери ишке орноштуруу боюнча кызматтар тарабынан 6300дөн ашуун адам ишке орноштурулду. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5800ү жөнөтүлдү", – дешти министрликтен.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жумушсуздуктун деңгээли. Инфографика