БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптаганын ӨКМден билдиришти.
"Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөргө жайылып жана Жүдөмүш каналында сел жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөсүн, Булан-Сөгөттү айылын сел каптаган. Куткаруучулар Бактуу-Долонотудагы бир үй-бүлөнү коопсуз жайга убактылуу көчүрдү", — деп билдиришти ӨКМден.
Министрликтен дагы кошумча маалымат берерин айтышты.
Ал арада социалдык тармактарда караңгы кирип калганда селдин Чолпон-Ата шаарынын көчөсүнө толтура келип, автоунааларды агызып кете жаздаган видеолору тарады.
Кыргызгидромет бир нече күндөн бери шашылыш билдирүү таратып, нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.