Пикир келишпестикке чекит коюу. БА башчыларынын Астанадагы саммити тууралуу

Борбор Азия мамлекеттери бири-бирине ишенкиребей, бири үйдү караса, бири Чүйдү караган мезгил деле унутта кала элек. Азыркы тапта абал кандай экенин, эмнеге таянып консультация форматындагы жолугушуулардын келечеги кең деп айтылып жатканын эксперттер айтып беришти.
Sputnik
Астанада Борбор Азия мамлекет башчыларынын VI консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Жыйын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында болду. Натыйжада бир катар документтерге кол коюлду. БА мамлекет башчыларынын бешинчи саммитине кандай баа берүүгө болот? Өлкөлөрдүн ортосундагы мамиледе эмне өзгөрдү? Sputnik Кыргызстандын суроолоруна саясат таануучу жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт жооп берди.
Саясат таануучу Марс Сариев БА өлкө башчыларынын саммити кыйла ийгиликтүү өттү деген пикирде.
Саясат таануучу Марс Сариев
"Саммиттин негизги жыйынтыгы — Борбор Азия регионунун түптөлүшү. Өзбекстандын президенти белгилегендей, геосаясий картада БА деген бирдиктүү регион пайда болууда. Чынында эле аймактын өлкөлөрү айтып келген бирдиктүү экономикалык, саясий жана маданий аянтча түптөлүп жатканын көрүп жатабыз. Жолугушууга Азербайжандын лидери да келди, бул саммит тууралуу оң маанайда пикир айтууга негиз боло алат", — деди эксперт.
Анын айтымында, ушу тапта БА мамлекеттери ички маселелерди жоюуга аракет кылган бирдиктүү регионалдык борбор түзүп жатышат.
"Биримдик өзгөчө коопсуздук жаатында таасын байкалууда. Казакстандын аймагында өткөн "Бирлестик" окуу-машыгуулары региондогу өлкөлөр Афганстандагы абалга жана согушкерлердин кирип келүү ыктымалдыгына тынчсызданып жатканынын белгиси. Дал ушул себептен улам бүгүнкү күндө аскердик-саясий планда консолидация жүрүп жатат. Негизи эле дүйнөдөгү туруксуздук жана тышкы кооптуулуктар БА мамлекеттеринин тез аранын ичинде биригүүсүн шарттоодо", — деди Сариев.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, аналитик Эсен Усубалиевдин айтымында, БА мамлекеттеринин бешинчи саммити регион өлкөлөрү кызматташуусун барган сайын күчөтүп жатканын көрсөттү.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, аналитик Эсен Усубалиев
"Бүгүнкү күндө БА өлкө башчыларынын жолугушуусунда биринчи планга региондун келечегин аныктай турган анык бир көйгөйлөрдүн жолун табуу чыгып жатат. Бул — транспорт, суу ресурстары, коопсуздук жана регионалдык кооперацияны талап кылган дагы бир катар маселелер. Мындай кызматташуу акыр түбү суу ресурстарын колдонуу сыяктуу татаал маселени, энергетикадагы көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болуп берет. Ортодогу алакага келсек, кечээ жакында эле БА мамлекеттери бири-бирине көп ишенкиребей мамиле жасачу эле. Чек ара, суу жаатында, соода-экономикалык жана саясий пикир келишпестиктер көпкө чейин кыжалат кылып келгени жашыруун эмес", — деди Усубалиев.
Эксперттин айтымында, консультативдик жолугушуулардын форматы 2018-жылдан берки оор мезгил соңуна чыгып, мамлекеттер аралык үчүн эле эмес, өз ара кызматташуу үчүн да жагымдуу атмосфера түзүлүп жатканын көрсөтүп келет.
"Акыркы учурларда мамлекеттердин ортосунда бизнес-байланыш да бекемдеди, өз ара туристтик агым да күчөдү. Мунун баары региондо фундаменталдык өзгөрүүлөр болуп жатканын айгинелейт. Баарлашуунун мындай форматы бара-бара БА өлкө башчыларынын консультативдик жолугушууларын биринчи кезекте экономикалык кызматташуунун дайым иштеп тура турган регионалдык форматка өзгөртүшү толук ыктымал. Бул өз кезегинде БАны Евразиянын маанилүү транспорттук-логистикалык борборуна айланта алат. Олуттуу жыйынтык бар. Соода-экономикалык, финансы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр барган сайын кеңейүүдө. Бул жагынан алып караганда, аталган форматтын региоаналдык да, эл аралык мааниде да келечеги кең", — деди Усубалиев.
Ал жолугушууга экинчи ирет Азербайжан президентинин катышуусу форматтын Түштүк Кавказ багытында да кеңейип баратканын көрсөттү деген пикирин айтты. Баку менен транспорт жана энергетика тармагындагы мамиле азыр деле кыйла жакшы.
"Көңүл бура турган дагы бир жагдай — Казакстандын президенти коопсуздук багытында кызматташууну күчөтүү демилгесин көтөрдү. Бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо дүйнөлүк трендге айланууда, Борбор Азия мамлекеттери да регион өз коопсуздугун камсыздай алар-албасын көбүрөөк ойлоно башташты. Андыктан курч маселени биргелешип чечүү өтө маанилүү", — деди Усубалиев.
Пресс-борбор
Борбор Азияны интеграциялоо үчүн эмне керек? Экс-вице-премьердин жообу