Аллергия коркунучтуубу? Ага кабылган адам эмнеге көп кыйналат?

Sputnik
Жайында аллергия дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн чаңчаларынан болот. Кеңсе кызматкерлери кондиционерди көп колдонгондон да аллергияга кабылышы мүмкүн. Анткени ал аркылуу сырттан чөптүн чаңчалары кирет. Аны алдын алуу үчүн ичиндеги фильтрди өз убагында тазалап же жаңысына алмаштырып туруу керек. Ошондой эле учурда дүкөндөрдө сатылган тамак-аштарга аллергия болгондор да кездешип жатат. Аллергия менен ооруган адам сөзсүз дарыгерге кайрылып, өз убагында дарылануусу керек. Убагында алдын албаса бейтап бронхиалдык астмага чалдыгып же майып болуп калышы мүмкүн.
Жайында аллергиянын аллергиялык ринит деген түрү күчөрүн Улуттук кардиология жана терапия борборунун консультативдик аллергология бөлүмүнүн башчысы Айнура Саалиева айтты.