Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу калаанын мэри Данияр Сатаров билдирди.Анын айтымында, туристтерге кооптонууга негиз жок, селдин кесепети жоюлууда.Эске салсак, кечээ, Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында жүргөн сел 17 турак үйдү каптап, ички көпүрөнү алып кеткен.
Өлкөнүн ички дүң продукциясы быйылкы алты айда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.Жарым жылда ИДПнын көлөмү 677,1 млрд. сомду түзгөн."ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактардын жана салыктардын темпинин жогорулашынан улам камсыздалды. Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9 пайызга, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,4 пайызга жогорулады", – деп айтылат комитеттин маалыматында.ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Ал эми товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 30,4 пайызды түзгөн.
Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп Канат Табалдиев дайындалганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону айтылды. Өлкө башчынын башка тескемеси менен бул кызматты ээлеп турган Темирболот Абыкеев иштен алынган.Эске алсак, буга чейин Темирболот Абыкеев УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деген шек менен кармалганы 24-июлда кабарланган.
Жумушсуз деп катталган жарандардын саны өлкө боюнча жарым жылда 17 миң адамга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.Билдирмеге ылайык, учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз киши министрликте каттоодо турат. "Жыл башынан бери ишке орноштуруу боюнча кызматтар тарабынан 6300дөн ашуун адам ишке орноштурулду. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5800ү жөнөтүлдү", – дешти министрликтен.
Кыргызстанда бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курскидеги аракети Киев бийлигинин алдыны көрө билбегени тууралуу кабар берип турат. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы офицери Дэниел Дэвис билдирди.Ал Deep Dive YouTube каналына маек куруп жатып Киевдин аракеттери өлкө башында тургандардын компетентсиздигинин натыйжасы экенин белгилеген. Офицердин айтымында, Украина Курск облусундагы операцияны колдоо үчүн эле фронттун башка жактарындагы аскерлерди алып келүүгө мажбур болууда. Дэвис мындай жагдай Украина Куралдуу күчтөрүнүн ушуга окшогон операцияларды өткөрүүгө чамасы чактыгын көрсөтүп турарын айтты. "Киев үчүн бул жакшылык менен бүтпөйт", — деди отставкадагы офицер. Эскерте кетсек, 6-август күнү Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Суджан районунун бир аймагын басып алууга аракет кылган.