“Сулайман -Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси оңдоп-түзөө иштерине муктаж

Sputnik
“Сулайман -Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексине келген коноктордун саны жылдан жылга өсүүдө. Арасында чет өлкөдөн келген жарандар бар. Алар Сулайман-Тоо музейиндеги кызыктуу жана тарыхы бар экспонаттарга күбө болушат. Алардын ар бирине кɵз жʏгʏртʏп, тарыхын угуп, кыргызды, тʏпкʏлʏгʏңдʏ, байыркы бабалардын баскан жолун, турмушун, шаарды дагы да жакындан тааный аласың. Музейге кирүү акысы 70 сомго көтөрүлгөн. Мындан тышкары 150 сомго музей менен тааныштыруу кызматтары көрсөтүлөт. Бул жайдын тазалыгын жана экологиясын сактоо максатында тыюуулар да салынган. Бирок бүгүнкү күндө музей оңдоп-түзөө иштерине муктаж.
Бул тууралуу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаев менен маек курдук.