Кыргызстанга кирген түз инвестициялардын көбү тоо кен тармагына тиешелүү. Пайдалуу кен байлыктарды байытуу, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоонун техника жана технологиясы, кен иштетүү боюнча ишканалардын саны көбөйүп, кесипкөй адистерге муктаждык жогору юойдон калууда.
Геолог, тоо-кенчи, чалгындоочу, маркшейдерлерди окуткан Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжи жана Россиянын ЖОЖдору менен кызматташуусу, окутуу усулдары тууралуу Бишкек тоо-кен жана техника лык колледжинин директору Салтанат Жээналиева менен маектештик.