Кыргызстан дүйнө боюнча уникалдуу медициналык илимий кластер түзүүдө — ал эмне жана кандай иштейт?

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборундагы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышкан. Кыргызстанда жүрөккө уникалдуу операцияларды жасоого жана жүрөк-кан тамыр ооруларын, анын ичинде инсультту дарылоого мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластери иштелип чыгары кабарланган.
Илимий кластерди түзүү, медицинаны модернизациялоо жана жогорку технологияларды өнүктүрүү, кадрларды даярдоо кандай жүрөрүн Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев түшүндүрдү.