Олимпиада оюндары — 2024

"Кечирим да сурабаңыз". Президенттин Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган видеосу

Спортчу кыз коло үчүн беттеште монголиялык атлет Оркхон Пуревдоржду 6:6 эсеби менен уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадада коло медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.
Тыныбекова кечээ түнү кармашкан.
"Биз сиз жана сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Себеби эгемендик жылдарында эркин күрөштү, айрыкча, кыздар арасындагы күрөштү жандандыруунун, улантуунун, өнүктүрүүнүн сап башында турдуңуз, канчалаган кыргыз кыздарынын кумири болдуңуз. Эл аралык деңгээлде далай-далай ийгиликтерди жаратып, тирүү легендага айландыңыз... Башыңызды ылдый салбаңыз, мүңкүрөбөңүз! Баш байгени ала албай калдым деп кечирим да сурабаңыз. Сиз кыргыз элинин алдында жасай турган милдетиңизди эчак эле ашыгы менен жасагансыз, эч кандай карыздар эмессиз!" — деген Жапаров.
Мамлекет башчы спортчунун мекенине аман-эсен кайтып келишин кыргыз эли чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Тыныбекова Жапаровго жана Кыргызстан элине жылуу сөздөрү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерге дем-күч берип жатканын белгиледи.
Ошондой эле балбан маанайы жакшы экенин, күрөштүн жыйынтыгына өзү ыраазы болгонун жана жаракаттан улам “бир буту менен күрөшкөнүн” билдирди. Ал бутундагы таңууну Олимпиада алдында гана чечип, бир нече күндөн кийин Парижге таймашка жөнөп кеткенин айтып берген.

Кыргызстандык балбан кыз алгач, нигериялык Эстер Колаволени утуп, чейрек финалга чыккан. Андан кийинки атаандашы АКШлык Кайла Мираклды да уткан. Жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен беттеште жеңилип калып, коло медаль үчүн күрөшмөй болгон.
Тыныбекованын үчүнчү орун үчүн монголиялык атлет Оркхон Пуревдорж менен кармашы өзгөчө болду. Ал таймаштын акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңдеп, атаандашын утуп, коло медаль тагынды.
Олимпиада оюндары — 2024
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп алды