Көлдүн түбүнөн тонналаган таштанды менен миңдеген метр торлор дагы деле чыгууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда

2 / 6

Көлдү тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында Жапаровдун жарлыгы менен башталган

3 / 6

Өткөн жылы суунун түбүнөн 22 миң 545 килограмм таштанды, 218 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылса, быйыл 40 миң метрге чукул тор жана алты тоннага жакын таштанды чогултулганын айтышты

4 / 6

Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда

5 / 6

Адистер белгилегендей, сууну эс алуучулар калтырган таштандылар да булгап, шамал болгондо Ысык-Көлдүн бардык акваториясына тарап жатат

6 / 6

Адистер келгендерди Көлгө аяр мамиле жасоого чакырат

Көлдү тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында Жапаровдун жарлыгы менен башталган. Өткөн жылы суунун түбүнөн 22 миң 545 килограмм таштанды, 218 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылса, быйыл 40 миң метрге чукул тор жана алты тоннага жакын таштанды чогултулганын айтышты.
"Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда. Адистер белгилегендей, сууну эс алуучулар калтырган таштандылар да булгап, шамал болгондо Ысык-Көлдүн бардык акваториясына тарап жатат. Адистер келгендерди Көлгө аяр мамиле жасоого чакырат", – деп жазылган маалыматта.
Күнөстөгөн мамалактар, саксынган илбирс. Көлдөгү коруктан тартылган сүрөттөр