Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын атып түшүрүлгөн ракетасы Курскидеги көп кабаттуу үйгө кулады

Ал арада Россия тик учактар менен Курск чек ара аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнө сокку урушканын РИА Новости агенттиги жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өткөн түнү атып түшүрүлгөн Украинанын ракетасы Курск аймагындагы эл жашаган көп кабаттуу үйгө кулап, өрт чыккан. Бул тууралуу аталган облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Учурда ракетанын бөлүктөрү түшкөн аймакта бардык ыкчам кызматтар иштеп жатат. Тилекке каршы, ушул тапта украиналык террорчулардын чабуулунан 13 адамдын жабыркаганы белгилүү болду. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Кырсык катталган аймакта бир нече Тез жардам кызматы иш алып барууда. Менин тапшырмам менен окуя болгон жерге орун басарым Андрей Белостоцкий, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Екатерина Письменная жана Курск шаарынын мэри Игорь Куцак жөнөп кетишти. Шарт-жагдай жол берери менен үй толук түрдө кароо-текшерүүдөн өткөрүлөт", – деп жазган Смирнов Telegram каналына.

Өз кезинде Куцак үйдүн жашоочулары шаар четиндеги лагерге убактылуу көчүрүлөрүн билдирген.
РФ ӨКМинин аймактык башкармалыгы саат 01:15те өрт толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган.
"Тогуз кабаттуу үйдүн терезелери сынып, балкондору да бузулган. Имараттын конструкциясы бүтүн бойдон. Бир нече автоунаа күйүп кетти, бирок өрттүн жайылышына жол берилген жок. Толугу менен өчүрүлдү, 15 адам куткарылып, 30 киши эвакуацияланды", – деп айтылат башкармалыктын Telegram каналында.
Бул арада Россия тик учактар менен Курск чек ара аймагында Украинанын Куралдуу күчтөрүнө сокку урушканын РИА Новости агенттиги жазды. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, россиялык авиация экипаждары түнү Ка-52 тик учагы менен Курск облусунун чек ара аймактарына топтолгон Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн сооттолгон жана аскердик автомобилдик техникаларына карата чабуул жасаган. Ушул эле аймакта россиялык танкачылар да Украинанын аскер күчтөрүнө каршы иштешүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Белгород, Курск жана Брянскиге контртеррордук операция режими киргизилди