Ноокендеги үрөй учурган кырсык алты адамдын өмүрүн алып кетти. Видео

Милициядан кроссовер каршы тарапта келе жаткан оор жүк ташыган автокөлүктү сүзгөнүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ноокен районунун (Жалал-Абад облусу) аймагындагы үрөй учурган автокырсыктан алты адам көз жумду. Бул туурасында ЖКККББ билдирди.
Трагедия 11-августка караган түнү саат 04:00 чамасында болгон.

"Бишкек — Ош жолунда SsangYong Korando кроссовери жолдун каршысында келе жаткан оор жүк ташуучу автокөлүк менен кагышкан. Жеңил машинанын ичинде бараткан жүргүнчүлөр көз жуумп, бирөө ооруканага түшкөн. Жүк ташыган автокөлүктүн айдоочусу жана жанында кетип бараткан адам да аймактык ооруканага жеткирилген", — деп жазылган маалыматта.

Милициядан алардын ким экени, аты-жөнү такталып жатканын айтышты.
Бостериде үрөй учурган автокырсык болуп, көз жумгандар бар экени айтылды. Видео