Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүшүн тагынып, тарых жаратты!

Кыргызстан биринчи жолу спорттун бокс түрүнөн байгеге ээ болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын финалында өзбекстандык спортчу Абдумалик Халоков менен кез келип, күмүш медалга ээ болду.
Кыргызстандык мушкер 57 килограмм салмак категориясында беттешкен. Үч раундда тең Халоков мыктылыгын далилдеди.
Мунарбек Сейитбек уулунун алган медалы Кыргызстандын күрөштөн сырткары ээ болгон алгачкы олимпиадалык байге болуп саналат.
Жалпы жонунан Кыргызстандын байге куржунунда азыр эки күмүш (бирин балбан Мээрим Жуманазарова алып келген), төрт коло байге бар.
Олимпиада оюндары — 2024
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп алды