Олимпиада оюндары — 2024

"Сөөктү агарттың". Жапаров Мунар Сейитбек уулун куттуктады. Видео

Президент союз маалында кыргыз бокс мектебинин атагы дүңгүрөп, эгемендик жылдарында, тилекке каршы, солгундап, ал турсун унутулуп баратканын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров мушкер Мунарбек Сейитбек уулун Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадада күмүш медаль утушу менен куттуктаганын президенттик администрация маалымдады.
Жапаров спортчу менен телефон аркылуу байланышып, кыргыз элинин, ата-бабалардын баатыр мүнөзүн дүйнө жүзүнө даана көрсөткөнүн белгилеген. Мамлекет башчы талыкпаган, жан аябаган машыгуулардын арты менен келген жеңиш бүткүл элдин сыймыгы экенин, бул сыймыктуу жаңылык менен социалдык тармакта биринен бири ашып бөлүшүп жатканын кошумчалаган.
"Бүткүл кыргыз элинин сөөгүн агартып, намысына жарадың, иним. Тарых жараткан жеңишиң менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыбызга укмуш эмоцияларды тартууладың. Союз маалында кыргыз бокс мектебинин атагы дүңгүрөп, андан кийин эгемендик жылдарында, тилекке каршы, солгундап, ал турсун унутулуп бараткан. Сенин жеңишиң кыргыз мушкерлеринин уучу куру эместигин, дагы деле күчтүү жана чоң жетишкендиктерге жөндөмдүү экенин далилдедиң", – деген Жапаров.
Ошондой эле ал анын машыктыруучуларына жана секунданттарга бул тарыхый жеңишке алып келген талыкпаган эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Мунарбек Сейитбек уулу Жапаровго жана жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо ийгиликке жетүүгө жардам бергенин белгиледи.
Кыргызстандык мушкер Олимпиадада кубалык Сайдель Иван Орта Родригести, америкалык Жамал Харвини, болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты кезеги менен жеңип финалга чыккан. Финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоков менен кез келип, утулуп калды.
Жалпы жонунан Кыргызстандын байге куржунунда азыр эки күмүш (бирин балбан Мээрим Жуманазарова алып келген), төрт коло байге бар.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүшүн тагынып, тарых жаратты!