Шашылыш билдирүү: 11-12-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, республиканын бир катар аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 11-12-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай учурда төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырат:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс жайгашканына өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Теги: Кыргызгидромет аба ырайы сел шашылыш билдирүү
Аптаптын деми кайтабы? 17-августка чейинки аба ырайынын божомолу