Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиге жасаган Украинанын чабуулу боюнча БУУга кайрылышты

Катта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулунун кесепетинен миңдеген адам жабыркаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарына Курск облусуна чабуулду – Украина тарабынан жасалган террорчулукту айыптоо талабы менен кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазганын РИА Новости агенттиги таратты.
"Украинанын армиясы Курск облусуна жапайылык менен жасаган чабуулунун кесепетинен миңдеген адам жабыркады... БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарына Украина тараптан жасалган террорчулукту айыптап, адам укуктарынын өтө орой, массалык түрдө бузулушуна жол бербөө үчүн чараларды көрүү талабы менен кайрылуу жолдодум", – деп жазган ал.
Федералдык акыйкатчы Адам укуктары боюнча аймактык башкармалык бийлик органдары менен биргеликте Курск облусунун жашоочулары убактылуу жайгашкан жайларда иштеп жатканын билдирди. Омбудсмен аппараты аларга гуманитардык жардам таратууга, берүүгө катышууда.
"Биздин маалыматтар БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын адам укуктарынын бузулушу тууралуу докладына кошулат деп ишенебиз. Ал сентябрда чыгарын билебиз", – деп кошумчалаган Москалькова.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын атып түшүрүлгөн ракетасы Курскидеги көп кабаттуу үйгө кулады