ЕАЭБ менен КМШ транспорт тармагында кызматташууну ниеттенүүдө

2030-жылга чейин биргелешкен иш-чаралардын планын даярдоо күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. КМШнын Аткаруу комитети менен Евразия экономикалык комиссиясы 2030-жылга чейин транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын планын даярдоону пландаштырууда. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Маселе ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев менен Координациялык транспорттук кеңешменин аткаруу комитетинин төрагасы Геннадий Бессоновдун жолугушуусунда талкууланган.

"Жыйындын катышуучулары ЕАЭБ жана КМШ алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерди белгилешти. Алар ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн аймактары аркылуу өтө турган транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү координациялоо боюнча кызматташууну кеңейтүү ниетин билдиришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2030-жылга чейин транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын планын даярдоо боюнча протоколго кол коюу чечими кабыл алынды.
Борбор Азиянын көп векторлуу саясаты жана "алтын миллиарддын" кыйроосу. Талдоо