Британия: медиктер келген эркектерден кош бойлуу эместигин сурап турушат

Өзүнүн кош бойлуу экенин билбеген трансгендер-эркекти компьютердик томографиядан өткөрүшкөндөн кийин рентгенологдор тарабынан таңгалдырган ыкма иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Британияда рентгенологдор кабыл алып жатканда эркектерден анын кош бойлуу эместигин сураганга милдеттендирилди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Telegraph гезитинде маалымдалганын жазды.
Билдирмеге ылайык, бир нече ооруканадагы медиктерге келген бейтаптарга текшерүү жүргүзөрдөн мурда жынысына карабай бул суроону берүү талабы коюлган.
"Мындай ыкма өзүнүн кош бойлуу экенин билбеген трансгендер-эркекти компьютердик томографиядан өткөрүшкөндөн кийин рентгенологдор тарабынан иштелип чыккан", – деп жазылат маалыматта.
Гезит рентгендик текшерүүлөр түйүлдүккө зыяндуу экенин белгилеген. Ооруканалардын рентгендик бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бейтаптар төрөлгөндөгү жынысын белгилеген анкетаны да толтурушарын айтышкан.
Улуттук саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жаңы талаптар бейтаптардын кыжырын келтирип жатканын билдиришкен. Медиктер мындай ыкма бейтаптарга кооптуу абал да жаратып коюшу мүмкүндүгүн белгилеген. Ошол эле учурда суроо берилгенде эркектер ачууланып, айрым аялдар кош бойлуулук тууралуу суроону оор кабыл алып, балалуу боло албай жүргөнүн айтып ыйласа, өспүрүмдөрдү алып келген ата-энелерди кыжырдантып жатканын айтышкан.
Буга каршы дарыгерлер суроо бейтаптарды кемсинткендей болуп калат деп аны жокко чыгарууга чакырышкан. Басылма Лондондогу ооруканаларда да ушул өңдүү түрдүү анкеталар толтуруларын, бирок ал канчалык жайылганы белгисиз экенин жазган. Басылмада рентгенологдор бул тажрыйбаны колдонуу масштабын өлкө боюнча кеңейтүү керектигине аракет көрүшкөнү менен анын жайылуусу жай жүрүп жатканы белгиленген.
Илон Маск Улуу Британияда жарандык согуш болорун болжоду