Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөштө утулуп калды

Бүгүн Францияда ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу жабылышы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Айпери Медет кызы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарындагы коло медаль үчүн күрөштө, тилекке каршы, атаандашына утулуп калды.
Кыргызстандык спортчу кубалык Марин Потриллеге 0:6 эсебинде жеңилди.
Медет кызы Айпери Олимпиададагы алгачкы беттешин 76 килограмм салмакта 1/8 финалдан баштап, кытайлык Ван Цзюанды 4:1 эсебинде уткан. Андан кийин индиялык Ритиканы жеңип, жарым финалга чыккан. Тилекке каршы, жарым финалда америкалык Алексис Кеннеди Блейдстен 6:8 эсеби менен утулуп, коло медаль үчүн күрөшмөй болгон эле.
Ошентип Кыргызстан үчүн Париждеги ХХХIII жайкы Олимпиада оюндары аяктады.
Олимпиада оюндары — 2024
"Кечирим да сурабаңыз". Президенттин Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган видеосу