Радио

АКШда жумушсуздук жогорулап, фондулук рыноктун төмөндөшү байкалды

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев дүйнөлүк фондулук рыноктогу өзгөрүүлөр Кыргызстанга таасир этпей тургандыгын айтты.
Sputnik
АКШда жумушсуздук жогорулап, фондулук рыноктун төмөндөшү байкалууда. Ал өлкөдөгү ири компаниялардын 85 пайызы фондулук рынокто жайгашкан. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, АКШнын экономикасынын өнүгүү темпи тез түшүп, башка дүйнөлүк фондулук рынокко таасирин тийгизет.
"Азия-Тынч океан регионунда рыноктун төмөндөшү башталды. Алсак, Япониянын фондулук рыногу дээрлик 13 пайызга чейин түшүп кетти. Мындай көрүнүш 1987-жылы болгон. Демек, дүйнөлүк рынокто чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат дегенди билдирет. АКШда жумушсуздук жогорулап, фондулук рыноктун төмөндөшү байкалууда. Ал өлкөдөгү ири компаниялардын 85 пайызы аталган рынокто жайгашкан. Ал эми АКШнын экономикасынын өнүгүү темпи тез түшүп, башкаларына таасири сөзсүз тиет. Бирок Кыргызстанга бул коркунуч жакындабайт", — деди Назаралиев.
Ошондой эле ал Кыргыз фондулук биржасындагы сооданын көлөмүн өстүрүп, инвестиция тартуу ишине да өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.