12-августка карата аба ырайы

12-августта аба ырайы өзгөрүлүп турарына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетерин Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас аймагында +28…+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Баткен жергесинде +30…+35, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус болот.
Борбор калаада термометр +32…+34, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +25…+27 градусту көрсөтөт.
Аптаптын деми кайтабы? 17-августка чейинки аба ырайынын божомолу