Куба: Израилдин Газадагы мектепке койгон чабуулу адамзатка карата жасалган кылмыш

Израилдин учагы качкындар таңкы намазга Газадагы "Аль-Табаин" мектебине чогулган маалда үч ракета таштаганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Куба өкмөтү Израилдин Газа тилкесиндеги жүздөгөн жай тургун баш калкалаган мектепке жасаган соккусун кескин айыптайт жана муну адамзатка каршы кылмыш деп эсептейт. Бул тууралуу Кубанын ТИМ башчысы Бруно Родригес Паррилья билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Израилдин учагы качкындар таңкы намазга Газадагы "Аль-Табаин" мектебине чогулган маалда үч ракета таштаганы маалым болгон. Алдын ала берилген маалыматта 100 адам каза болгону кабарланды. Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) мектепке койгон чабуул боюнча үн катып, анда ХАМАСтын жоокерлери болгонун айткан. Алжир бул окуяга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна Коопсуздук кеңештин жыйынын чакырууну сураган.
"Жүздөгөн жай качкындардын баш паанегине айланган мектепке кол салуудан кийин Израилдин Газа секторундагы адамзатка каршы болгон жаңы кылмышын кескин айыптайбыз. Израиль эл аралык гуманитарык укукту сыйлабастыгын дагы бир ирет көрсөттү. Геноцидди токтотуу талабыбызды дагы бир жолу ырастайбыз", — деп жазган Родригес өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасына.
Израиль армиясы Газадагы мектепке сокку уруп, 100дөй адам көз жумду