Радио

Айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыяны төлөө мөөнөтү кыскарды

"Элдик банк" ААКнын аймактарды координациялоо жана кредиттөө башкармалыгынын башкы адиси Асел Кумарова айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыянын чени 10 пайызга жогорулаганын белгиледи.
Sputnik
"Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоорунун негизинде "Элдик банктан" жеңилдетилген кредит 4 340 ишкерге берилди. Бул тууралуу Асел Кумарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган банкка жалпы 2 миллиард 500 миллион сом бөлүнгөн. Учурда анын 1 миллиард 738 миллиону коротулду.

"Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору буга чейинки иштеп келген долбоорлордон айырмаланат. Бул насыяны былтыркы долбоордон алгандар ала албайт. Ошондой эле мөнөөтү 36 айдан 24 айга кыскарды. Мурда бул ченемдер жок болчу. Жеңилдетилген насыяны алууда көп документтер талап кылынбайт. Жарандын паспорту, никеси бар болсо нике кагазы жана түгөйүнүн паспорту, ошондой эле мал чарбачылык, жер иштетүүгө тиешелүү документтери керектелет. Мал чарбачылык менен алектенген адам кредит ала турган болсо анын мал багууга шарты бар-жогу каралат. Жер иштеткендерде өзүнүн үлүш жери болушу керек. Булар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми күрөө менен алгандарда коюла турган нерсенин документтери болуусу зарыл. Жеңилдетилген кредит алууну каалагандар мамлекеттик банктарга кайрылса болот. Республиканын бардык аймактарында "Элдик банктын" филиалдары бар. Ишкерлерге жакын, ыңгайлуу жакка барышса болот. Кайрылгандардын арызын өз убагында карап чыгуу үчүн электрондук журнал бар. Биздин адистер документтер тапшырылары менен дароо электрондук каттоого алып, акча ошонун негизинде гана берилет. Мында биринчи кайрылган адамдан экинчи кайрылган кишинин мурунураак алышына жол берилбейт. Муну банк адистери гана көзөмөлдөбөстөн, министрлик да карайт. Максатыбыз элге жардам берүү болгондуктан төгүү графигин түзүүдө алардын каалоосу эске алынат", — деди Кумарова.

Ал кредиттик тарыхы начар жарандарга банктар жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартарын кошумчалады.