БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык) резервинин көлөмү июлдун аягына карата 3 миллиард 987 миллион 950 доллар деп бааланды.
Бир айда 203 миллион 550 миң долларга өскөн.
Азыркы көрсөткүчтү тарыхтагы рекорддук деп эсептесе болот. Буга чейинки эң көп 3 миллиард 784,4 миллион долларга чыгып, ушул жылдын май айынын соңунда катталган.
Белгилей кетсек, өткөн айда Улуттук банк эки жолу интервенция жасап, эки жолу тең чет элдик валютаны жалпысынан 82,4 миллион долларга сатып алган.