УКМК: мыйзамсыз иш жүргүзгөн медресе аныкталып, иши токтотулду

Диний багыттагы окуу жай эч жерде катталбай, жашы жете элек балдарга билим берип келгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган медресе аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караган Тоголок Молдо көчөсүндөгү мечиттин имаратында диний мекеме (медресе) мыйзамсыз иштеп келген.
"Муфтият курамына кирген атайын комиссия мекеменин ишин текшерип, анда 14 жаштан 18 жашка чейинки балдар окутулуп жатканын аныкташты. Медресенин тиешелүү уруксат берүүчү документтери болгон эмес, дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулганы аныкталган", — деп жазылат маалыматта.
Учурда медресенин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлгөн. Уюштуруучуларга мыйзамдын чегинде чара көрүлөрү кошумчаланды.
Чүйдө мыйзамсыз иштеп жаткан медресе жабылды. Видео