Кыргызстанда ушу тапта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 79 жараны пенсия алат

ЕАЭБде тиешелүү макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Социалдык фонд ЕАЭБдин 79 жаранына пенсия чектегенин мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун жарандарына ЕАЭБ аймагында иштеген мезгили үчүн пенсия чегерилет.
Учурда Социалдык фонд тарабынан 79 жаранга пенсия чектелген:
Россия — 70 жаран (бир жаран Кыргызстандын мыйзамына ылайык пенсияга өткөн, бир жарандыкы токтотулган);
Казакстан — 8 жаран (анын ичинен арызынын негизинде эки жарандын пенсиясы токтотулган),
Беларусь — бир жаран.
Ошондой эле Россия Кыргызстандын 61 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектегени кошумчаланды.
ЕАЭБ келишиминин алкагында 30 миңден ашык жаранга пенсия дайындалды