Кыргызстанда орточо маяна 35 миң 298 сомду түздү

Былтыркыга салыштырмалуу 10,6 пайызга, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,2 пайызга өскөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өлкөдөгү чакан ишканаларды эсепке албаганда январь-июнга карата орточо маяна 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6 пайызга, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,2 пайызга өскөн.
Өсүү катталган тармактар:
тейлөө тармагы — 41,5 пайыз;
дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоциклдерди оңдоо — 30,7;
курулуш — 27,2;
суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыны кайра иштетүү — 27;
кен казуу — 24,1;
кыймылсыз мүлк операциялары — 22,6;
кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 21,4;
транспорт иши жана товарларды сактоо — 16,4;
жер-жерлерде финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 16,1.
Ошондой эле маалыматта былтыр биринчи жарым жылдыкта бардык тармакта өсүш болгону кошумчаланган.
Пресс-борбор
Министр медиктердин маянасы 50-100 пайызга көтөрүлөрүн билдирди