Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада — 2024: Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңишти алдырып койду

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эрназар Акматалиев Париждеги Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыга албай калды.
Ал эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта венгриялык Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде утулуп калды. Спортчу татыктуу күрөшүп жатып, күтүүсүз катага жол берип жеңишти колдон алдырды.
Эми учурдагы дүйнө чемпиону Мусукаев финалга чыкса, Акматалиев жубатуучу беттешке мүмкүнчүлүк алат.
Олимпиада оюндары — 2024
Айпери Медет кызы Олимпиададагы жүрүшүн жеңиштен баштады