Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кайсы негизги энергоресурстарды сатып алат

Кеп көмүр, газ, бензин жана электр энергиясы тууралуу болууда.
Sputnik
Кыргызстан энергоресурсту ири көлөмдө импорттойт. Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкөнүн бул жааттагы өнөктөштөрүнө сереп салып көрдү.
Төмөндө Улуттук статистика комитетинин былтыркы жана быйылкы жылдын беш айына карата маалыматы берилди.

Бензин

Белгилүү болгондой, кыргызстандыктар көбүнесе тыштан келген күйүүчү-майлоочу майды колдонушат, мунун ичинде бензин да бар. Былтыр өлкө 584,6 миллион литр май импорттогон. Бир тоннада 1 300 литр болорун эскерте кетели. Мындан ары көрсөткүчтөр литр менен берилет.
2023-жылы бензин менен камсыздаган өлкөлөр:
Россия — 643,8 миллион литр;
Казакстан — 40 миллион 150,8 миң литр;
Беларусь — 620,9 миң литр.
Быйыл январь-май аралыгында импорт 272 миллион литрди түздү:
Россия — 270,6 миллион литр тегерегинде;
Казакстан — 1 миллион 371,9 миң литр.
Демек, бензин импорту толугу менен ЕАЭБге туура келет.

Жаратылыш газы

Көгүлтүр от боюнча кырдаал да дал ушундай эле, басымдуу бөлүгү сырттан келет. 2023-жылы Кыргызстанга 438,7 миллион куб метр газ алынган.
Жеткиргендер:
Россия — 389 миллион 274,7 миң куб метр;
Өзбекстан — 49 миллион 473,2 миң куб метр.
Быйылкы жылдын январь-май айларында республика 260,4 миллион куб метр газ импорттогон.
Россия — 258,5 миллион;
Өзбекстан — 2 миллиондун тегереги.
Былтыр келген газдын 88 пайызы ЕАЭБге мүчө Россияга туура келген, ал эми быйыл анын үлүшү 99,2 пайызга жогорулаган.

Көмүр

Өткөн жылы Кыргызстан 1 миллион 142,8 миң тонна таш көмүр сатып алган.
Казакстан — 1 миллион 142,7 миң тонна;
Россия — 11,2 тонна;
Германия — 700 долларлык чакан партия.
Былтыркы жыл менен быйылкы жылдын беш айын кошкондо өлкө Казакстандан 16,6 миң тонна күрөң көмүр сатып алган.
Маалыматтар көмүрдү да толугу менен ЕАЭБ мамлекеттеринен аларыбызды айгинелеп турат.

Электр энергиясы

Акыркы он жылдан бери Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочудан импорттоочуга айланып калды. Буга керектөөнүн жогорулашы жана жаңы кубаттуулуктардын жетишсиз көлөмү себеп болду. Алгач өлкө электр энергиясын коңшуларынан сатып алып же карызга алып келсе, кийинчерээк Түркмөнстандан, былтыр биринчи жолу Россиядан импорттоду. Дефицит 3 миллиард киловатт-сааттан ашат.
Энергетика министрлиги Sputnik Кыргызстанга былтыр 3 миллиард 434,4 миллион киловатт-саат импорттолгонун билдирди. Быйыл андан да көп — 3,9 миллиард киловатт-саат алуу пландалып жатат. Анткен менен макулдашуулардын купуялуулугуна жүйө келтирип, экспортер мамлекеттер боюнча маалымат бере алган жок.
Былтыркы жылдын январь-октябрь аралыгында республика 2,9 миллиард киловатт-саат сатып алган.
Камсыздаган мамлекеттер:
Түркмөнстан — 1 миллиард 602,3 миллион киловатт-саат;
Казакстан — 832,9 миллион;
Россия — 326,5 миллион;
Өзбекстан — 145,6 миллион.
Статистикадан импорттолгон электр энергиясынын 40 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат.
Россиядан электр энергиясы октябрдан кийин деле келип турганын белгилей кетели, анткени алгач эки өлкө 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин 875 миллион киловатт-саат алуу боюнча макулдашууга кол койгон. Былтыркы жылдын соңунда Россиянын ошол кездеги элчиси Николай Удовиченко Москва жеткирүүнүн көлөмүн жогорулатууну пландап жатканын билдирген.
ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү өстү