1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда

Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Быйыл өлкө боюнча 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, учурда баланын катталган жерине карабастан бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 1-класска электрондук каттоо жүрүүдө.
Ата-эне же мыйзамдуу өкүлдөр шилтемеси аркылуу мектеп жашына жеткен баланы каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат. Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат.
Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта өтүүдө.
Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.
Бишкектеги мектептерде сабакты 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилди