Олимпиада оюндары — 2024

Айпери Медет кызы Олимпиаданын жарым финалына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалында индиялык Ритиканы жеңип, жарым финалга чыкты.
Балбандар 76 килограмм салмак категориясында күч сынашты.
Кыргызстандык балбан финалга чыгуу үчүн АКШлык Кеннеди Блейдс жана кубалык Марин Потрилье жубунун жеңүүчүсү менен күрөшөт. Бул беттештер бүгүн саат 22:15те башталат.
Айпери Медет кызы 1/8 финалдык баскычта кытайлык Ван Цзюанды 4:1 эсебинде утуп алган.
Олимпиада оюндары — 2024
Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшө турган болду