Олимпиада оюндары — 2024

Айпери Медет кызы Олимпиададагы жүрүшүн жеңиштен баштады

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айпери Медет кызы Олимпиададагы алгачкы беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты.
Ал 76 килограмм салмакта 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздады.
1/4 финалда ал индиялык Ритика менен венгриялык Бернадет Наги жубунда уткан спортчу менен күч сынашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшө турган болду