Кыргызстанда ачылчу G-Cloud серверинин максаты эмне? Расмий түшүндүрмө

Долбоорду иштеп чыгууга Эстониядан адистер тартылып, Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы G-Cloud долбоору жыл аягына чейин аяктап, мамлекеттик органдардын сервистери 2025-жылдан тарта бул электрондук сактоочу серверге өтүшү күтүлүүдө. Мындай платформанын максаты кандай экенин жана бийлик эмне үчүн аны маалымат сактоонун эң ишенимдүү жолу деп эсептей турганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, G-Cloud долбоорунун координатору Рустамбек Сарткалчаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде түшүндүрдү.
Анын айтымында, иштелип жаткан G-Cloud — мамлекеттик Digital-CASA долбоорунун экинчи компоненти.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, G-Cloud долбоорунун координатору Рустамбек Сарткалчаев
"Санариптешүүнүн артынан автоматташтыруу келет, андыктан маморгандар сервистердин үзгүлтүксүз иштөөсүнө жооптуу. Ага кымбат турган жакшы инфраструктура керек. Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOIСA) менен биргеликте бирдиктүү маалыматтарды иштеп чыгуу борборун куруу боюнча иштин 90 пайызын бүтүрдүк. Бардык жабдуулар менен программалык камсыздоо биз тараптан берилет", — деп билдирди Сарткалчаев.
Ал мамлекеттик G-Cloud иштеп чыгууга Эстониядан адистер тартылып, Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулганын кошумчалады.
"Инфраструктура жана коопсуздук маселелери "Инфоком" мамлекеттик ишканасына жүктөлөт. Объект маанилүү болгондуктан анын жайгашкан жери ачыкка чыгарылбайт. Сентябрда мамлекеттик органдардын сервистерин бул жакка көчүрүү боюнча анализ жасайбыз", — деди долбоордун координатору.
Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев Кыргызстандагы G-Cloud сервериндеги орундар үчүн мамлекеттик органдардан акы алынарын белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев
"Мисалы, сүрөт, видеолор телефонго батпай калса медиафайлдарды "облачный серверге" жүктөйсүз. Учурда биздин мамлекеттик органдар дагы өзүнө батпай калган маалыматын башка жактарда жайгашкан серверлерге жүктөйт. Эми бирдиктүү, Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекеттик G-Cloud пайда болот. Бирок бул долбоор өзүн-өзү акташы керек, ошондуктан маморгандар андан орун алыш үчүн акы төлөөгө тийиш. Бирок мунун жөнөкөй жарандарга тиешеси жок", — деди Жумалиев.
Ал киберкоопсуздук биринчи орунда турарын кошумчалады.
Кыргызстанда 2022-жылдан бери Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, аны менен биргеликте УКМКга караштуу киберкоопсуздук боюнча координациялык борбор иштейт. Алар маалыматтын тышка чыгып кетишин алдын алуу иштерин көзөмөлдөп турат.
Маалыматтарды электрондук форматта сактоочу мамлекеттик G-Cloud ачылат