Садыр Жапаров учак кырсыгынан улам Бразилия президентине көңүл айтты

Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндеги 61 киши көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айткан телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндегилердин баары көз жумган. Учак ичинде 57 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгону айтылган.

"Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем. Бул оор күндөрү орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.

Каргашадан улам Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Ленин чокусунда 58 жаштагы россиялык альпинист каза болду