Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгород, Курск жана Брянскиге контртеррордук операция режими киргизилди

Курск облусуна чабуул 6-август күнү жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарына контртеррордук операция (КТО) режими киргизилгенин Улуттук антитеррордук комитетке таянуу менен РИА Новости жазды.
Комитет "киев режими тарабынан өлкөнүн бир катар райондорунда кырдаалды чайпоо аракети күч болуп" жатканын белгилеген. Курск облусуна жасалган чабуулдун натыйжасында жай тургундар каза таап, турак жайлар, жарандык объектилер бүлгүнгө учураганы айтылат.
"Элдин коопсуздугун камсыздоо жана каршы тараптын террордук аракеттерине бөгөт коюу максатында Улуттук антитеррордук комитеттин төрагасы, Россия ФСБсынын директору Бортников Белгород, Брянск жана Курск облустарында контртеррордук операция уюштуруу чечимин кабыл алды", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар тарабынан коопсуздукту камсыздоо, тартипти сактоо жана объектилерди коргоого багытталган кошумча чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башчысы Валерий Герасимов 6-август күнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1000дей аскери Курск облусун басып алуу максаты менен чабуул койгонун, алардын өлкө аймагына тереңдеп кирүүсү токтотулганын кабарлаган. Ал Курск облусундагы операция каршы тараптын талкаланышы жана РФ күчтөрүнүн мамлекеттик чек арага чыгуусу менен соңуна чыгарын билдирген. Регионго федералдык мүнөздөгү өзгөчө абал режими киргизилди. https://sputnik.kg/20240809/kurskige-ozgocho-kyrdaal-rezhimi-kirgizildi-1087729834.html
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат