Байден кийинки президентке согушка чулганган өлкөнү "мураска" калтырары айтылды

Гезит АКШнын учурдагы президенти мөөнөтүнүн көпчүлүк бөлүгүндө "согуш учурундагы лидер" катары көрүнгөнүн жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден ордун баса турган адамга согушка чулганган өлкөнү "мураска" калтырат. Бул тууралуу New York Times гезитине шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Макалада кийинки президент ким болсо дагы мунун кесепети өтө оор болору жазылган.
"Байден тынчтыкты убадалап, бирок ордуна келе турган адамга согушка чулганган өлкөнү калтырат... Байдендин "мураскери" үчүн, ал мурдагы президент Дональд Трамп болобу же вице-президент Камала Харриспи, кесепеттери абдан чоң болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Байден мөөнөтүнүн көбүндө "согуш учурундагы лидер" катары көрүнгөнү, ал Украинадагы жаңжалда Россияга каршы коомдук пикирди жана аскердик күчтү мобилизациялоого убактысын короткону айтылган. Ошондой эле Газа тилкесиндеги согушта Израилди колдоодо активдүү роль ойногону жазылды. Мындан тышкары, америкалык аскерлер Йемендин түндүгүн башкарган "Ансар Алла" (Хуси) кыймылын бир нече жолу бомбалаганы белгиленген.
Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Байден өлкөнү үчүнчү дүйнөлүк согушка кептеп жатканын айткан. Трамп азыркы мамлекет башчысын Түндүк Корея, Кытай жана Россиянын лидерлери "урматтабайт" жана андан "коркпойт" деп жемелеген.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиядан көрсөтүлдү. Байден жарышка катышуудан баш тарткандан кийин Демократиялык партиянын атынан учурдагы вице-президент Камала Харрис талапкер болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат