11-августка карата аба ырайы

11-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 20…25, Нарын өрөөнүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 29…31, Ош шаарында 34…36 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 22…24 градусту түзөт.
1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда