Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Өлкө башчы Садыр Жапаров Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айткан телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндегилердин баары көз жумган. Учак ичинде 57 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгону айтылган. "Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем.", — деп айтылат телеграммада. Каргашадан улам Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга санарип сомду төлөө каражаты катары киргизүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталды. Аны өлкөнүн башкы банкы демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоорунда санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген. Аларга ылайык, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта. Улуттук банк аны эмиссиялоо боюнча өзгөчө укукка ээ жана жүгүртүү, уюштуруу тартибин аныктайт. "Санарип сомдун укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана аны колдонуу боюнча сынамык мезгилдин ийгиликтүү болушунан көз каранды. Ошондуктан мыйзам долбоорун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.
Эрназар Акматалиев Париждеги Олимпиада оюндарынынын чейрек финалына чыга албай калды. Ал эркин күрөш боюнча 65 килограммда венгриялык Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде утулуп калды. Спортчу татыктуу күрөшүп жатып, күтүүсүз катага жол берип, жеңишти колдон алдырды. Эми учурдагы дүйнө чемпиону Мусукаев финалга чыкса, Акматалиев жубатуучу беттешке мүмкүндүк алат.Ал эми йпери Медет кызы Олимпиададагы алгачкы беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты. Ал 76 килограмм салмакта 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен күрөшүп, 4:1 себинде жеңишти камсыздады. 1/4 финалда ал индиялык Ритика менен венгриялык Бернадет Наги жубунда уткан спортчу менен күч сынашат.
Израилдин Коргоо күчтөрү өзүнүн Telegram каналына Газа шаарындагы мектепке абадан сокку урганын, анда Палестинанын ХАМАС кыймылынын согушкерлери жайгашканын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Израилдын армиясы билдиргендей, мектепте палестиналык кыймылдын командалык борбору жайгашкан. Билим берүү жайы согушкерлер жана командирлер үчүн баш калкалоочу жер катары кызмат кылганы айтылат. ЦАХАЛ мектеп Израиль армиясына кол салууну пландоо жана ишке ашыруу үчүн колдонулганын белгилеген. Ал арада Кытайдын "Синьхуа" агенттиги Палестинанын жарандык коргонуусуна таянып, Израилдин бул соккусунан 40тай адам көз жумганын билдирген. Ирандын Press TV каналы 100дөй адам өлтүрүлүп, ондогон адам жабыркаган кабарлады. Ага ылайык, сокку эртең менен намаз учурунда жасалган.