Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаңыланган Калашников автоматы. Инфографика

Жаңыланган, 2023-жылкы үлгүдөгү АК-12 автоматына кызыккандар арбууда. Бул курал РФтин Куралдуу күчтөрүнө активдүү берилүүдө. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Sputnik
Даңазасы өчпөй келе жаткан легендарлуу автомат туурасында инфографиканы окурмандарга сунуштадык.
Россиялык жаңыланган, 2023-жылкы үлгүдөгү АК-12 автоматы
Августтун башында "Калашников концерни" 2023-жылкы үлгүдөгү АК-12 автоматы боюнча коргонуу жаатында мамлекеттик буюртманы 65 пайызга аткарды. Бул анын заманбап үлгүсү. Аны атайын операциядан алынган тажрыйбалардан кийин жаңылашкан. Мурда кошулган функциялары тажрыйбадан өткөндөн кийин кайрадан алынган. Бир канча өзгөрүүлөр кирген. Бул жааттагы адистер анын алда канча ыңгайлуу болуп калгандыгын айтышууда.
"Бул автомат 5,56×45 мм калибрдеги окко ылайыкталгандыктан чет элдик буюртма ээлеринин: Индия, Бангладеш, Египет, Мьянма, Иран жана башка достук маанайдагы өлкөлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду", – деп айтып берген аскерий эксперт Александр Хроленко.