Актердук чеберчилигиңиз болсо "Жаңы каарман" сынагына катышыңыз

Сынактын байге фонду 200 миң сом. Финалга чыккандар 50 миң сомдон алып, актердук чеберчилигин алдыңкы адистердин акысыз окутуусу менен жогорулата алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкекте боло турчу Qarash Lab кинофестивалынын алкагында "Жаңы каарман" сынагы өтмөкчү.
Уюштуруучулардын айтымында, сынакка актердук таланты бар, актер болгусу келген (кесипкөй актерлор деле) Кыргызстандын бардык жараны катышат алат. Жаш курагы, кайсы тилде сүйлөөрү маанилүү эмес.
Сынактын байге фонду 200 миң сом. Финалга чыккандар 50 миң сомдон алып, актердук чеберчилигин алдыңкы адистердин акысыз окутуусу менен жогорулата алышат.
Катышуу жолу:
кыргыз же орус тилинде өзүнүн 5 мүнөттүк видеоролигин тартыш керек (субтитр менен);
форматын каалагандай кылса болот. Маселен, кыска метраждуу, видеоклип;
темасы — кыргыз мурасы. Башкача айтканда, видеороликте кайсы бир кыргыз акынынын ырын айтабы же заманбап Тоголок Молдону чагылдырабы, айтор, бул темадан четтебеш керек. Сынакта актердук чеберчиликке басым жасалат. Бул темада катышуучу өзүнүн оригиналдуу контентин деле ойлоп тапса болот;
видеороликти 10-сентябрга чейин qarashlab2024actors@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. 20-сентябрда жыйынтык чыгарылып, мыктылары 4-октябрда көрсөтүлөт.
Qarash Lab кинофестивалы бул ирет актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдык мааракесине арналмакчы.
Аты өчпөс залкар... Геннадий Базаровдун эстелигинин ачылышы видеодо