Япониянын премьер-министри Фумио Кисидо Астанага барбай калды. Себеби

Японияда жер титирөө коркунучу жаралып, Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы бийликти тынчсыздандырып жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Астанага мерчемделген иш сапарынын мөөнөтүн жылдырды. Маалыматты Япониянын Казакстандагы элчилигинен Sputnik Казакстанга тастыкташкан.
Ушу тапта Японияда жер титирөө коркунучу жаралды. ЖМКлар бийликти жана окумуштууларды Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы тынчсыздандырып жатканын жазышууда.
Фумио Кисиданын Борбор Азияга, атап айтканда, Казакстанга иш сапары пландалган эле. 9-августта Астанада "Борбор Азия + Япония" саммити күтүлүп жаткан. Ал эми Токаев менен Кисиданын жолугушуусу 10-августка белгиленген.
Буга чейин Япониянын премьер-министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугары маалымдалган болчу.
Хонсю аралында күчү 8 баллга жакын жер титирөө 100-200 жылда бир кайталанып турат. Окумуштуулар алдыдагы 30 жылдын ичинде 8 же 9 баллга жеткен жер титирөө ыктымалдуулугу 70-80 пайыз экенин айтышууда. Мындай учурда Япония кыйла жабыркап, чыгыш жээгин 30 метр бийиктиктеги цунами капташы ыктымал.
Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга кетти. Делегациянын курамы