Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат

Басылманын маектеши бул кадам Киевге "Россия менен сүйлөшүүлөрдө таасир этүүчү артыкчылыкка ээ болууга" шарт түзөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Украина ыраакка атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын аймагындагы авиабазаларга сокку урууга уруксат берүүнү суранып жатат. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин аты аталбаган кеңешчиси айтканын Washington Post жазды.
"Украин аткаминерлери эми АКШдан Россиянын чабуулдарга жооп кайтарган авиабазаларына ATACMS менен сокку урууга уруксат сурап жатышат. Киев мындай чаралар аларга Курск облусунун бир бөлүгүн колдон чыгарбай кармап калууга жардам берет деп ишенишүүдө", — деп жазган гезит.
Басылманын маектеши бул кадам Киевге "Россия менен сүйлөшүүлөрдө таасир этүүчү артыкчылыкка ээ болууга" шарт түзөрүн айткан.
Бейшемби күнү Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курскиге болгон чабуулунан кийин АКШ мурункудай эле Киевдин америкалык курал менен Россиянын аймактарына сокку уруусун кубаттабай турганын билдирген. Ошол эле учурда ал жай тургундардын өмүрүн алган Украинанын террордук чабуулун актап, киев режиминин бул аракеттери "АКШнын саясатына шайкеш келерин" айткан. Ага чейин президенттин маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Украинанын чабуул коюу пландарынан Ак үйдүн кабары болбогонун билдирген эле.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башчысы Валерий Герасимов шаршембиде 6-август күнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1000дей аскери Курск облусун басып алуу максаты менен чабуул койгонун, алардын өлкө аймагына тереңдеп кирүүсү токтотулганын кабарлаган. РФ Коргоо министрлиги Курскиге кирүүгө аракет кылган Украина Куралдуу күчтөрү эки күн ичинде 660 аскеринен ажырап, 82 даана техникасынан кол жууганын билдирди.
Россия президенти Владимир Путин Курск облусундагы абалга комментарий берип жатып киев режими кезектеги ири чагымчылыгын жасаганын, окту иргебей атып жатканын айтты. Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко кол салуудан кийин Курскиде теракт жана киши өлтүрүү боюнча кылмыш иштери козголгонун, мында россиялык тергөөчүлөр ок чыгарууга буйрук берген украиналык аскерлердин аты-жөнүн тактап жатканын маалымдады.-
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украина армиясынын Курскиге чабуулун чагым деп атады