БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жумушчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматта ишке жүктөөчүлөр жана айдоочулар алынары айтылат.
"Айлык жумушуна жараша эсептелип, орточо маяна 35-45 миң сомду түзөт. Жумушчулар жети саат иштейт", — деп билдирди мэрия.
Толук маалымат алуу үчүн Ростовская көчөсү, 19Б дарегине кайрылса болот. Сурап-билүү телефондору: 0502 020 003, 0707 604 433, 0500 588 188, 0707 250 056.