Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Липецк дрондордун арты-артынан жасалган соккусуна тушукту. Учурда абал кандай?

Шаар тургундары үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын Липецк шаары учкучсуз учуучу аппараттардын удаасы менен жасалган чабуулуна туш болгонун РИА Новости жазды.
Натыйжада алты адам жабыркаган. Аймакта жарылуулардын кесепетин жоюу үчүн өзгөчө абал режими киргизилди.
Жарылуучу заттар жарандык инфраструктурадан алыс аймактарга түшкөн. Ыкчам кызматтар жеринде иштеп жатышат. Энергетикалык инфраструктуранын объектилери жабыркаганы айтылууда.
Ушу тапта электр энергиясы калыбына келтирилди. Шаар тургундары үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулган. Керек учурда бул жайлар 4 800 кишиге чейин кабыл ала алат.
Калаада транспорт толугу менен токтотулду, жолдор жабык турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат