Улуттук банк санарип сомду пайдалануу, жөндөө боюнча мыйзам долбоорун даярдады

Башкы банк демилгелеген документте санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга санарип сомду төлөө каражаты катары киргизүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталды. Аны өлкөнүн башкы банкы демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоорунда санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген. Аларга ылайык, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта. Улуттук банк аны эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ жана жүгүртүү, уюштуруу тартибин аныктайт.
"Санарип сомдун укуктук статусу техникалык платформаны туура тандоодон жана аны колдонуу боюнча сынамык мезгилдин ийгиликтүү болушунан көз каранды. Ошондуктан мыйзам долбоорун 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.
Улуттук банк программисттерди жумушка чакырат. Талаптар