БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 8-августта Улуттук банк валюта рыногунда 51 миллион 650 миң доллар сатты.
Эске салсак, өткөн аптадан бери өлкөдө доллардын курсу көтөрүлүүдө. Кечээ таңга маал долларды сатуунун орточо курсу 85,57 сомдон көтөрүлүп отуруп бүгүн 85,9 сомго жетти.
Бүгүн доллардын курсу бардык жерде 85,9 сом (кечээ 85,5тен 85,8 чейин болчу) болууда.
Улуттук банк валютанын чайпалуусун алдын алуу максатында чет элдик валютаны сатып же сатып алат.
Жыл башынан бери башкы банк 15 интервенция жүргүздү:
Төрт жолу доллар сатты — жалпы сумма 90 миллион 150 миң долларды түздү;
12 жолу сатып алды — жалпы сумма 347 миллион 150 миң долларга жетти.