УКМК Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Мамбеталиевдин кармалышын түшүндүрдү

Мамбеталиев кылмыштуу топторго таянып мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү туугандарына каттатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. УКМК Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин эмнеге кармалганын түшүндүрүп берди.
Мекеменин маалымат кызматы тараткан кабарда анын маркум кримтөбөлдөр Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторуна тиешеси бар экени айтылган.
"Эркин Мамбеталиев криминалдык чөйрөдөгү кылмыштуу байланыштарын пайдаланып коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерин чечкен. Тагыраагы, ал кылмыштуу кирешелерди адалдап, көп мүлктү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объектилерди, кымбат автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш иштин алкагында тинтүүдө ок атуучу куралдар, мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталган.
Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топко катышуу") боюнча Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды